Марал Радиосу

Кыргызстанда лыжа тебүүнүн башка түрлөрүнө да шарт түзүлөт

Кыргызстанда жалпы 22 лыжалык база  бар, бирок алардын 16сы гана иштейт. Калгандары реконструкцияга муктаж, аны кайра иштетүү чет элдик гранттардын жардамы менен ишке ашат. Ошондой эле лыжа тебүүдөн сырткары, лыжалык базада 3 багыттагы иш пландалган. 2018-жылы Кыргызстан кышкы эс алуу боюнча топ-10дун катарына чыккан. Кышкы эс алууга көбүнчө коңшу өлкөлөрдөн туристтер келишет.

Эл аралык стандартка жооп берүүсү үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу, сервистерди оңдоо жана лыжанын башка түрлөрүнүн да киргизилип жатканын, ошондой эле сапаттуу жарнама аркылуу туристтерди Кыргызстандын лыжалык базаларына тартуу пландалып жатканы тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу төмөнкүдөй пикири менен бөлүшүп кетти:

Биз кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча бир топ долбоорлордун планын  иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 кышкы тоо-лыжалык база бар, алардын болгону он алтысы гана иштеп жатат. Өлкөбүз тоолуу болгондуктан, лыжа тебүүчү базаларды ачуу кыйынга турбайт, бирок алар эл аралык стандартка жооп бериши керек. Чет элдик туристтер үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондой эле, түштүктө да лыжалык базага ылайыктуу жерлер бар, алсак, Алай району. Тоолуу аймактарга лыжа база ачууну пландап жатабыз. Оңдоого муктаж болгон лыжалык базаларды кайрадан ишке киргизүүгө пландарды түзүп жатабыз. Кыргызстан кышкы эс алуу боюнча топ-10 рейтингине чыкканбыз. Чет элдиктер рейтингге карап, көп келе баштады, биз жарнама тармагын дагы да өнүктүрүшүбүз керек.

Ошону менен катар, түштүк регионунун тоолуу аймактарына да тоо-лыжалык базаларды ачуу жана алардын ишин жолго салуу иштери пландалганын кошумчалады.

Быйыл президент Сооронбай Жээнбековдун Швецарияга болгон иш сапарынын алкагында туризм боюнча эки документке кол койгон, анын алкагында, лыжалык базаларды заманбап жабдыктар менен камсыздоо жана  жолдорду, мейманканаларды оңдоо каралган. Тоо-лыжалык базаларды жакшыртуу үчүн Кыргызстан Швецария мамлекети менен 10 жылга келишим түзүп, быйыл 2 млн сом каражат бөлгөн.

Free ride жана Skip Tour жана башка лыжа тебүүнүн түрлөрү үчүн шарттар түзүлүп жатканы тууралуу «Ак-Түз» лыжа базасынын директору Максат Садыров өз сөзүндө белгилеп өттү. Кышкы эс алууга келген коноктор үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн жана быйылкы сезонго даярдыктар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

Бизде балдар жана чоңдорго арналган атайын эки жол бар. Free ride жана Skip Tour жана башка лыжа тебүүнүн түрлөрүнө ылайык шарттарды түзүп жатабыз. Туризм департаменти менен биргеликте жакшы даярдыктар болду. 21-декабрда лыжалык базанын расмий ачылышы болот, чет өлкөдөн да бир топ конокторду чакырганбыз. Быйыл туристтердин агымы көп болот деген ойдобуз.  

Кыргызстанга келген туристтердин  жалпы саны 7 миллионду түзсө, алардын көпчүлүгү соода тармагы боюнча келет. Жайкы эс алууга келгендердин саны болжол менен 3500 миллион болсо, ал эми кышкы эс алууга келгендердин саны жайкыга караганда азыраак болот.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиев туристтердин санына гана кызыкпастан, бай өлкөлөрдүн туристтерин тартып, ал үчүн эл аралык стандартка жооп бере турган шарттарды түзүү керек экендигин айтат:

-Туристтердин агымы жакшы, бирок биз сандан-сапатка өтүшүбүз керек. Миллион туристтин ордуна 100миң турист бай өлкөлөрдөн келсе жакшы болот. Ал үчүн Кыргызстандын жаратылышын дүйнөгө таанытуу керек, ошол эле учурда эл аралык стандарттарга жооп бере турган шарттарды түзүү керек. 

Кышында туристтерди тартуу үчүн авиакомпаниялар менен келишим түзүп, тур маселеси жеңил чечилсе, келе турган туристтердин саны өсөт. Ишкерлер туристтерди чакыруу үчүн жарнама менен иштеп, туристтерди кызыктыруучу иш-аракеттерди аткарышы керектиги тууралуу Кыргыз туризм ассоциациясынын аткаруучу директору Асылбек Ражиевдин «Марал» радиосунун түз эфиринде маек куруп жатып төмөнкүлөрдү айткан эле:

-Жеке ишкерлер өздөрү сунуштарын айтып, чет элдиктерди мүмкүн болушунча өлкөгө тартуу үчүн ар кандай тарифитерди уюштуруу керек. Чет өлкөдөгү авакомпаниялар менен келишим түзүп, иштеши керек. Мисалы, коңшу Казакстанда кышкы туризм жакшы өнүккөн, көпчүлүгү Астанага барышат. Дегеним — алар бул жаатта бизден бир топ алдыга кетип жатканын байкасак болот.

Эскерте кетсек, Бишкекте тоо-лыжалык базасы 21-декабрда  расмий ачылыш аземин өткөрөт. Анда чет өлкөдөн келген адистер лыжа тебүүнү каалагандарга атайын акысыз мастер класс өтүп үйрөтүшөт.