Биз менен байланышыңыз

Шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү боюнча тегерек стол өтөт

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 583 | 0

Саясий партиялардын форуму шайлоо босогосун 3% чейин төмөндөтүүнү жана ачык тизме системасын кабыл алууну сунуштап, 17-декабрда саат 14:00 «Плаза» отелинде тегерек стол өткөрөт. Анда жарандар конституциялык шайлоо укуктарын кантип толук ишке ашыра алаары боюнча сөз болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

«Азыркы партиялык шайлоо системасы аркылуу акырындык менен парламенттик формага өтүү шартталган. Бирок, азыркы система сыноого кабылып жатат. Анткени, жарандарга шайлоо укугун толук колдонгонго мүмкүндүк бербейт. Саясий партиялардын тизмеси партиялык кассага төлөмдөр боюнча лидерлер тарабынан түзүлөт. Ошентип, депутаттык мандатка ким ээ болорун шайлоочулар эмес, партия лидерлери  чечишет.

Кыргызстан үчүн парламенттик форманы мындан ары өнүктүрүү зарыл. Азыр бул багытта кийинки кадамдардын учуру келди. Шайлоо чегин 3% төмөндөтүүнүн муктаждыгы жана преференциалдык добуш берүү, же тактап айтканда, ачык тизме системасы боюнча көп эле сөздөр айтылып жатат. Бул системада саясий партияны тандоо менен бирге, шайлоочулар тандалган партиянын тизмесиндеги өз талапкери үчүн добуш бере алат. Чекти төмөндөтүү жана преференциалдык шайлоо — парламенттин курамдык сапаттын артырууга өбөлгө болот», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM