Марал Радиосу

Хабаровск шаарында болгон окуя боюнча ТИМдин билдирүүсү

Тышкы иштер министрлиги Хабаровск шаарындагы кыргыз жарандарынын сабалышы боюнча бүгүн, 16-декабрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчисин чакыртты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап мигранттардын сабалышы боюнча фактыларды келтирген.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү аталган окуяга карата өзүнүн каршы пикирин билдирип, миграцияда жүргөн кыргыз жарандарына кызмат абалынан пайдаланып, күч колдонуп, орой мүнөздө, мыйзамга каршы мамиле кылгандыгы үчүн нааразылыгын билдирди.

Ошондой эле,  кыргыз тарап бул окуяны ар тараптуу жана объективдүү карап чыгууну жана күнөөлүүлөргө карата катуу жаза көрүүнү талап кылды.

Өз кезегинде, Орусия тарап  аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле, ал аталган иш боюнча өзү көзөмөл жүргүзө турганын билдирип, Орусиянын компетенттүү органдары менен байланышып, өзү кошумча маалымат бере тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, 12-декабрь күнү кеч курун Орусиянын Хабаровск шаарындагы автопаркта иштеген кыргызстандык айдоочулар сабалган. «Текшерүү жүрүп жатат» деген шылтоо менен атайын отряд кызматкерлери кыргызстандык 73 мигрантты салып кетип, 3-4 саат кармап, уруп-согуп, денесине залака келтирип, кадыр-баркына доо кетирген сөздөрдү айткан. Бул окуядан кийин кыргызстандык эки мигрант ооруканага жаткырылганы маалым болгон.