Марал Радиосу

Түркиянын экс-премьер-министри өзүнүн саясий партиясын түздү

Түркиянын мурдагы өкмөт башчысы «Келечектин партиясы» аталышындагы саясий партия түздү. Бул тууралуу «Хүррийет» гезити жазды.

«Коркуу жана кысымга карабай, биздин өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн биз бир жерге чогулдук. Түркиянын келечеги- Түркиянын элине таандык«, — деп билдирген Түркиянын экс-өкмөт башчысы.

Ошондой эле маалыматта билдирилгендей, партиянын негиздөөчүлөрү 154 кишиден турат. Алардын көпчүлүгү белгилүү медиа жана саясий адамдар экендигин белгилей кетүү керек.