Биз менен байланышыңыз

Италия парламентинде Кыргызстан менен достук тобу түзүлдү

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 379 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Италияга жумушчу сапарынын алкагында Рим шаарында Италиянын Сенатынын вице-спикери Паола Таверна менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Тараптар Италиянын Сенатында Кыргызстан менен кызматташуу боюнча достук тобун түзүү аркылуу парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттик делегацияларынын өз ара сапарларын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Италиялык тарап өз Парламентинде Кыргызстан менен достук тобу түзүлгөндүгүн маалымдады.

Паола Таверна региондогу парламенттик демократияны бекемдөөдө Кыргызстандын ролун жогору баалады жана парламенттер аралык диалогду мындан ары активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Италия Сенатынын вице-спикери 2018-жылдын октябрында ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн өзүнүн Кыргызстанга болгон сапарын канааттануу менен белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM