Марал Радиосу

Борбордук аянтта башкы балаты кандай жасалды? (видео)

Борбордук аянттагы башкы балаты кооз ар түрдүү оюнчуктар менен кооздолуп, ага миңден ашуун оюнчук илинип, 300дөн ашуун гирлянда тагылган. Шаардагы балатыны кооздоого 7 млн сом бөлүндү, ал эми башкы балатыга 2,5 млн сом жумшалган. Балатынын бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метрди түзөт. Ошондой эле, «2020» деп аталган көлөмдүү шарлар жана чана сыяктуу бир катар инсталляциялар менен кооздолду. Борбордук аянттан сырткары, жаңы курулган «Ынтымак» паркына да балаты орнотулду.

Андан сырткары, шаардагы мекеме-ишканалардын ортосунда жаңы жылдык жасалгалоо боюнча сынак жарыяланып, жеңүүчүгө 1 млн сом акчалай сыйлык берилет.

Борбордук аянтты «Тазалык» жана «Бишкекжарыктын» 105 кызматкери кооздогон.