Марал Радиосу

УКМК: Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергөө камагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы боюнча маалымат берди. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Атамбаевдин абалы канааттандырарлык, ал түнү-күнү дагырелердин көзөмөлүндө турат.

Эске сала кетсек, жактоочу Алмазбек Атамбаевдин артериалдык кан басымы өтө төмөн, буга абак жайдагы шарттар себеп болуп жатат деп билдирген.

Алмазбек Атамбаев күч органынын кызматкерине кордук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык жана коррупция сыяктуу өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталууда.