Биз менен байланышыңыз

Өкмөт контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чараларды ишке ашырууда

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 463 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде товарларды каттоо жайынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Жалпылоочу жай» пункту аппараттык-программалык комплекс менен жабдылган, ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды каттоого алууну, транспорттук көзөмөл жүргүзүүнү, товарлардын мыйзамсыз кыймылына көзөмөлдү, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууну шарттайт.

Унаа каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүчтөрү боюнча маалымат электрондук салмак-көлөмдүк көзөмөл динамикалуу системасы аркылуу автоматтык режимде жалпылоочу жайга берилип турат, ал эми анын кызматкерлеринин бардык кыймыл-аракети системада жазылып калат.

Бул система октук оордуктардын салмагын жана жүк транспорттук каражаттардын габариттерин адамдык фактордун катышуусуз, онлайн-режимде видеобайкоо жолу менен мамлекеттик номердик белгилерин таануу аркылуу өлчөөгө шарт түзөт.

Өкмөт товарлардын кыймылынын ачыктыгын камсыздоого жана контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар комплексин ишке ашырууда.

Өкмөт башчы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн бардык ыңгайлуулуктарды, көзөмөл процедураларын ыкчам өтүү шарттарын түзүү зарылдыгына көңүл буруу менен бардык курулуш жана монтаждоо иштерин сапаттуу камсыздоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM