Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында өрт-куткаруу бөлүгү ачылды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 405 | 0

Бүгүн, 13-декабрда Ош шаарында № 29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы катышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган өрт-куткаруу бөлүгүнүн күч-каражаттары Ош шаарынын №5 «Амир-Темур» муниципалдык аймактык кеңешинин аймагындагы өрт өчүрүү иштерине тартылат. Бөлүмдү жайгаштырууга жеңил конструкция тибинде 4 бөлмөлүү имарат курулуп, 14 штаттык бирдик  жана 1 даана өрт өчүрүүчү автоунаа (Зил АЦ 40) тийиштүү шаймандары менен бөлүнүп берилген. №29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн женил конструкциядан болгон курулуш иштеринин толук бүткөрүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан акча каражаты бөлүнгөн.

Өкмөттүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 «Ишеним жана биримдик» программасын ишке ашыруу боюнча токтомунун негизинде жаңы курулган №29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM