Марал Радиосу

Депутат Касымалиева медиалардын эсебин тоңдурууну сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева үч медианын эсебинин камакка алынышын сындады. Ал пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды. Касымалиева басылмалардын эсебин камакка алуу аларга жана анда иштеген кызматкерлерге карата басым экенин, бул чечим жокко чыгарылышы керектигин белгилейт.

— Сотко берүүгө ар бир адамдын укугу бар, ошол эле учурда тараптар сотко акыйкаттыкты издеп кайрылышат. Ал эми доогердин арызы боюнча басылмалардын эсебин тоңдуруу — акылга сыйбас нерсе жана бул акыйткатсыздык. Муну медиаэксперттер да айтып жатышат.

Дептутат бул мекемелерде кыргызстандык жарандар иштей турганын жана алар сот процесси жүрүп жатканда да, андан кийин да айлык акысын убагында алышы керек деп эсептейт. Журналисттердин айлык акысы жогору эмес экенин да кошумчалайт.

— Мен, менин аброюма шек келтирген же репутацияма көлөкө түшүргөн учурларда, айткандарым жарым-жартылай жарыяланган учурда да ЖМКлар боюнча сотко эч арызданбайм. Себеби сапаттуу журналистиканы, адамдардын медиасабаттуулугун өнүктүрсөк, ушак тараткан ЖМКлар актуладуу болбой калат.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосун 22,5 млн сомго, Kloop медиаресурсуна 12,5 млн сом, 24.kg. маалымат сайтына 15 млн сом доо койгон. Матраимов бул ЖМКлар анын беделине шек келтирди деп эсептейт.

Арыз Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып, сот айыпталуучулардын банктык эсептеринен жогоруда айтылган сумманы камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.

Учурда коомчулукта ЖМКлардын эсебин тоңдуруу — сөз эркиндигине карата кысым катары бааланууда. Буга байланыштуу 18-декабрда жарандык активисттер тынчтык митингин өткөрүүнү пландап жатышат.