Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбековага Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык берилди

«Чыңгыз Айтматов» атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын алуу бул — чоң сый-урмат жана даңк. Мындай оюн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Чыңгыз Айтматов» атындагы сыйлыкты 17 кыргызстандыкка тапшыруу аземинде билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Чыңгыз Айтматов» атындагы сыйлыктын лауреаттары жана дипломанттары ар түрдүү тармакта жаратмандыгы менен алдыга озуп чыккан мыктылар экенин белгиледи:

Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын максаты – өлкөбүздүн мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчил маанайдагы жаштарды тарбиялоочу жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизмге тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет, -деди ал.

Өкмөт башчы сыйлык алгандардын айрымдарына токтолду, алардын катарында спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Маслова да бар.

Мен спорттун күйөрманымын жана чемпион болуш үчүн кандай эмгек талап кылынарын жакшы билем. Сиздерди Кыргызстан жаштары  кумир тутат. Убакыт тез эле өтүп кетет. Ошондуктан, силер адам жана спортчу катары бардык жакшы сапаттарыңар менен өсүп келе жаткан жаш спортчуларга үлгүсүздөр. Бул ар бирибиздин адамдык жана жарандык милдетибиз, — деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев сыйлыктын лауреаттарынын арасында коррупцияга байланыштуу  олуттуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана атамекендик журналистиканын өнүгүшүнө салым кошкон маркум Уланбек Эгизбаев дагы бар экенин айтты.

«Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты» наамы төмөндөгүдөй номинациялар боюнча төмөнкү талапкерлерге ыйгарылды:

«Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты» наамы төмөнкүдөй номинациялар боюнча төмөнкү талапкерлерге ыйгарылды: