Марал Радиосу

Тарыхта калуучу аномалдуу ысыктын кесепети

Испаниянын Мадрид шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшүнө арналган эки жумалык саммити өтүүдө. Буга эки жүздөй өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Анда климаттын өзгөрүшүнө каршы макулдашылган эрежелер менен чараларды иштеп чыгуу каралган.

Саммитте айтылган маалыматка таянсак, 2019-жыл — планетадагы температура байкоого алына баштаган учурдан берки эң ысык эки же үч учурдун бири болуп калды. Дүйнөлүк адистер акыркы 5 жылда аба ырайы өзгөчө ысыганын белгилеп жатышат.

Эсиңиздерде болсо, быйылкы жайда аномалдуу ысык аба ырайы Борбордук Азияда да байкалган.

Ал эми Европа июнь жана июлда эки ирет аномалдуу ысыкты башынан өткөрдү. 28-июнда Францияда жаңы рекорд койгон температура 46°C болду.

Адистер мындай рекорддук температураны парник газдарынын абага бүркүлүшү, унаадан чыккан зыяндуу газдар, токойлордун кыйылышы жана жылуулук үчүн пайдаланылган энергияны иштеп чыгуунун кесепети деп эсептейт.

Аномалдуу ысык мезгилде мурда жүз жылда болчу табигый кырсыктар бат-бат кайталанып жатат. Багам өлкөлөрүн алсак, Жапониядан тарта Мозамбикке чейин тропикалык циклондордун натыйжасын жон териси менен сезишти. Ал эми токойлордогу өрт Америка, Арктика жана Австралияны жүдөттү.

Климаттык качкындардын саны өсүүдө

Эл аралык Oxfam гуманитардык уюму дүйнө боюнча климаттык качкындардын саны өскөндүгүн айтты. Жыл сайын 20 миллиондой эл климаттык кырсыктын айынан жылуу уясын таштап кеткенге мажбур болот. Мындай көрүнүш айрыкча жакырчылыкта жашаган өлкөлөрдө көп катталат.  БУУ билдиргендей, дүйнөдөгү 20 эң муктаж мамлекеттин он үчү  табият кырсыктарынан жана глобалдык жылуулуктан жапа чегүүдө.

Саммитте БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш соңку беш жылда дүйнө жүзү боюнча аба ырайы болуп көрбөгөндөй жылыганын, ал эми 2019-жыл эң ысык жыл катары тарыхта калышы ыктымал экенин эскертти. Ал «дүйнө жаратылыш менен кармашканын токтотуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы көбүрөөк саясий эркти көрсөтүшү керек» деп айтты. Гуттериш ошондой эле 2015-жылда кабыл алынган Париж келишимин так аткаруу зарыл экенин белгиледи.

Париж келишими тууралуу айтсак, 2015-жылдын 12-декабрында Франциянын борбору Париж шаарында 195 өлкө алгач ирет климаттык өзгөрүүлөргө каршы биригишип, бул макулдашууга кол коюшкан. Анда атмосфераны булгоочу күнөсканалардан чыккан көмүр кычкыл газын азайтуу айтылган.

Бирок бул келишим канчалык деңгээлде ишке ашарын так айтуу кыйын. Дүйнөдө абанын эң ири булгоочулары боюнча экинчи орунда турган АКШ бул келишимди аткаруудан баш тарткан.

Америка лидери бул келишим экономикага залакасын тийгизип, өндүрүштүн азаюусуна жана жумуш ордунун кыскарышына алып келерин айткан.

Эми саммитке кайтсак, бул жыйын негизи Чилинин борбору Сантьягодо өтүшү керек эле, бирок ал жакта узакка созулган нааразылык акцияларынан улам Испанияга которулган. Өтүүчү жайдын алмашканына карабастан, Чили төрагалыгын сактап калган.

БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 25-жолку конференциясы Испаниянын Мадрид шаарында өтүп жатат. 2- декабрда башталган саммит 13-декабрда жыйынтыкталмакчы.