Марал Радиосу

Димаш Кудайберген Казакстандын эмгек сиңирген ырчысы наамын алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев көз карандысыздык күнүнө карата бир катар сыйлыктар менен ардактуу наамдарды тапшырды. Сыйлык алгандардын арасында аткаруучу Димаш Кудайберген, «Бөбөк» балдар фондунун президенти Сара Назарбаева жана казак эл артисти Роза Рымбаева да бар.

«Казакстандын эмгек сиңирген ишмери» наамы 36 илим жана маданият өкүлүнө тапшырылды. Анын ичинде Димаш Кудайберген бар.

Тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин жубайы, «Бөбөк» балдар фондунун президенти Сара Назарбаева «Отан» ордени менен сыйланды.

Ошондой эле дагы бир топ тармак ээлерине сыйлыктар тапшырылды.