Марал Радиосу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 100 миң сомдон ашуун пенсия чыгат

Кыргызстанын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 100 миң сомдон ашуун пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Социалдык фонддун жетечиси Медер Ирсалиев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, экс-президенттин макамы тууралуу мыйзам боюнча пенсия чегерилет. Анда пенсиясы анын акыркы эмгек акысынын 75 пайызы өлчөмүндө көрсөтүлгөн.

Атамбаевге 100 миң сомдон ашык пенсия чегерилип жатат. Аны экс-президент макамынан ажыратуу тууралуу соттун чечими чыкса, биз токтотобуз. Эгер андай болбосо, ал эмгек пенсиясын алып баштайт, — деди Ирсалиев.