Биз менен байланышыңыз

КСДП: Кой –Таш окуясы боюнча мамкомиссиянын корутундусу чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 586 | 0

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы (КСДП) 7-8 –августтагы Кой –Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Бул тууралуу КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«7-8 –августтагы Кой –Таш окуяларын иликтөө боюнча мамкомиссия» аттуу ойдон чыгарылган нерсе өлкөнүн учурдагы бийлигинин саясый каталарын жана кылмыштарын калкалоо үчүн кызмат кылууда. Андан тышкары, мамлекеттик деп аталган бул комиссия ойдон чыгарылган жалган институт болуп саналат, анткени мындай комиссиялар жөнүндө эч кандай жоболор жана анын иш нормаларын аныктаган кандайдыр бир регламенттер жок.

Комиссия иш жүзүндө өзүнө тергөөнүн функцияларын энчилеп алган. Экс-президент Атамбаевдин тарапташтарына суроолорду берип жатып, комиссия мүчөлөрү аларга ачык эле кысым жасап, коркутууга аракеттеништи. Комиссиянын коомчулуктун кызыгуусун жараткан эң эле маанилүү маселелер каралчу бир нече жыйыны түшүнүксүз себептер менен жабык эшик артында өткөрүлдү.

Мамкомиссиянын ишинин жүрүшүндө Курманбек уулу Миржан аттуу жаш жигиттин өлүмү туурасындагы маселени талкууга алууга бир жолу да аракет жасалган жок. Бул жөнүндө маалымат каражаттары гана жазып чыгышты. Бул боюнча ИИМ өзүнүн расмий билдирүүсүндө «ал жигит токойго аңчылыкка барган, өзүн кокусунан бутка атып алып каза тапкан» деген гана маалымат тараткан. Чынында ал жигиттин Кой-Таштагы чабуул убагында гранатанын жарылуусунан улам набыт болгону айтылган.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн Аскер прокуратурасынын куралдуу кол салуунун уюштуруучуларын жоопко тартуу талабы айтылган катка колдорун коюшкан 1700 адамга карата жасаган зомбулугу да анчалык түйшөлткөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM