Марал Радиосу

Бразилиянын президенти ракка чалдыкканын айтты

FILE - In this Oct. 1, 2019 file photo, President Jair Bolsonaro attends a ceremony to launch an agro program at the Planalto presidential palace in Brasilia, Brazil. Alter do Chao, a sleepy Amazon town, has become the flashpoint for the growing hostility between Bolsonaro and environmental groups following the arrest of firefighters he says set rainforest fires. (AP Photo/Eraldo Peres, File)

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару тери рагы оорусу менен жабыркап калганынан шектенет. Бул тууралуу ал президенттик резиденциянын алдына чогулган журналисттерге берген маегинде билдирди.

-Мен активдүү жашоо образын жактыргандыгыман, өмүрүмдө көп ирет балык уулоого чыктым. Ашыкча күнгө какталган учурларым да көп болду. Ошондон улам учурда тери рагына чалдыктым окшойт,- деди Болсонару.

Журналисттердин «Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?» деген суроосуна тамаша иретинде «Моруару [ред: вице-президент Антониу Гамилтон] азырынча экинчи адам болуп турат ко» деп жооп берген. Бразилиянын мыйзамына ылайык, эгерде президент каза болсо, анын ордун вице-президент ээлейт.

Болсонару Бразилиянын аскердик госпиталына барып көрүнүп турат. Мурдагы жумада текшерүүдөн өткөн соң президенттин «ашыкча чарчагандыгы» айтылып, өлкөнүн түндүк-чыгышына болгон сапары жокко чыгарылган.