Марал Радиосу

Мушкер Азат Үсөналиев Дүйнө Кубогунун чейрек финалында күч сынашат

Бокс боюнча мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдешинде кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев бүгүн чейрек финалда күч сынашат. Анын атаандашы өзбекстандык Достон Ходжаев болмокчу.

Мелдеш Орусиянын Белоярск шаарында кечээ, 11-декабрда башталган.

Өлкөнүн бокс федерациясы кабарлагандай, 52 кг салмакта күч сынашып жаткан Азат Үсөналиев кечээ 8/1 финалда азербайжандык мушкер Ядигар Алиевди жеңип алган.