Марал Радиосу

Демократтар Трампка 2 айып коюшту

Учурда АКШда президенти Трампка импичмент жарыялоо маселеси кызуу талкууда. Айрыкча бул маселе дүйнө коомчулугунун да көңүлүн өзүнө буруп турат. Мындан улам, Трампка эмне үчүн импичмент жарыяланышы керек?-деген суроого жооп издек көрдүк.

Азыркы тапта Американын президентине эки кине коюлууда. Биринчиси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болсо, экинчи айыптоо – Трамп өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратуусу.

Бул тууралуу 10-декабрда Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси билдирди. Дональд Трампка «өлкөнүн улуттук коопсуздугуна шек келтирди» жана «алдыдагы президенттик шайлоонун ачык-айкындыгына коркунуч жаратты» деген доомат да айтылды.

Эмне үчүн импичмент маселеси козголду? Себебине токтоло кетсек:

Импичмент жарыялоо демилгеси Трампка болгон ишенбөөчүлүк анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.

Демократтар Дональд Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн учурдагы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айтууда.

Ал башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, демократтар Трампты «чыккынчылык кылды» деп айыптоодо.

Трамп өзү буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет. Ошондой эле бул эң алсыз импичмент экендигин айтып, анын жүйөлүү себеби да жок экендигин белгилейт.

-Импичмент? Мен мыйзам буза тургандай эч нерсе кылганым жок. Стеннограмманы угуп көргүлө, баары жайында. Анда эч кандай “кызматка кызмат алмашуу” тууралуу сөз болгон эмес. Мен маалыматтын ачык болушун колдойм. Бул маекте кысым көрсөтүү сыяктуу эч нерсе жок.

Трамптын актанганына карабай демократтар импичмент процедураларын баштады. Негизи, импичмент кайсы баскычтар аркылуу жүзөгө ашары тууралуу сөз кылсак:

Импичмент 3 негизги баскычтан турат:

  1. Импичменттин баштапкы баскычтары Өкүлдөр палатасынын бир же бир нече комитети аркылуу кабыл алынат. Алар күбөлөрдүн катышуусунда коомдук угууларды өткөрүп, керектүү далилдерди топтойт. Учурда Чалгын комитети жараянды кабыл алып, Юридикалык комитетке өткөрүп берген. Юридикалык комитетте 2 айыптоону камтыган импичмент беренелери 11-декабрда добушка коюлат. Эгерде анда да колдоо тапса, 2-баскычка жөнөтүлөт.
  2. Экинчи баскычта Өкүлдөр палатасы толук курам менен карайт. Жараян кабыл алынышы үчүн көпчүлүк добушка ээ болушу кажет. Тактап айтканда, 218 добуш керектелет. Учурда Трамптын оппоненттери, башкача айтканда, демократтар Өкүлдөр палатасындагы 435 орундун 233үн ээлейт. Демек, Тармпка карата айтылган айыптоолор Конгресс тарабынан кабыл алынарына күмөн жок.
  3. Бирок акыркы чечим Сенат тарабынан кабыл алынат. Президентти бийликтен четтетүү үчүн Сенаттын 3төн эки бөлүгү демилгени колдошу керек. Бул жерде чечим бираз башка тарапка оой тургандай. Себеби Сенатта 100 орундун 47син гана демократтар ээлейт. Ал эми көпчүлүктү түзгөн республикачылар мурдагыдай эле Трампты колдоп келишет. Албетте, Трамптын да Ак үйдү таштап кетүү ниети жок.

Буга чейинки АКШнын тарыхына көз салсак, бир дагы президент импичмент аркылуу кызматынан четтетилген эмес. Бирок четтетүүгө аракеттер болгон.

Мисалы, 1868-жылы Конгресс президент Эндрю Жексонду бийликтен четтетүүгө аракет кылган.

1998-жылы Билл Клинтонго импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн. Бул чечимдер Сенаттан ары өтпөгөндүктөн эки президент тең баалуу креслосун сактап кала алган.

Ал эми Ричард Никсон импичмент процедуралары баштагалганда эле өз эрки менен кызматтан кеткен. Ошентип, ал АКШнын тарыхындагы кызматта турган кезинде отставкага кеткен жалгыз президент болгон.

Эгерде учурдагы демилге Сенат тарабынан да колдоо тапса, Дональд Трамп Америка тарыхында импичмент аркылуу бийликтен четтетилген алгачкы өлкө башчы болот.