Марал Радиосу

Кыргыз хоккейчилери кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо туруна катышат

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарына тандоо мелдешинин экинчи туруна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 12-декабрдан 15-декабрга чейин Румыниянын Брашов шаарында өтөт.

Спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда. Дирекциянын бюджетинен 1 миллион 387 миң сом каралган.

Команданын курамы:
1. Исматов Эрназар (2002). Коргоочу;
2. Колодин Олег (1993). Чабуулчу;
3. Кудашов Антон (1993). Чабуулчу;
4. Турсунбеков Уран (1996). Чабуулчу;
5. Качкынбеков Адис (1997). Коргоочу;
6. Ничипуренко Владимир (1993). Чабуулчу;
7. Улугбек уулу Ажымухамед (1995). Чабуулчу;
8. Тагаев Жанболот (2000). Чабуулчу;
9. Аяпов Артур (2002). Коргоочу;
10. Алымбеков Кадыр (1999). Дарбазачы;
11. Чувалов Михаил (1998). Чабуулчу;
12. Горобец Артем (1998). Коргоочу;
13. Носов Владимир (1997). Чабуулчу;
14. Титов Александр (2000). Коргоочу;
15. Егоров Максим (1997). Коргоочу;
16. Терентьев Кузьма (1996). Коргоочу;
17. Петров Александр (1996). Дарбазачы;
18. Тришкин Андрей (2003). Чабуулчу;
19. Мирбеков Эрсултан (2003). Коргоочу;
20. Тонких Владимир (1997). Чабуулчу;
21. Сарымсаков Талант. Дарыгер;
22. Оморканов Айваз. Машыктыруучу;
23. Ташболот уулу Нурбек. Сервис менеджер;
24. Сазонов Павел. Башкы машыктыруучу;
25. Болотбеков Эльзар. Башкы менеджер.