Марал Радиосу

Мушкер Азат Үсөналиев Дүйнө Кубогу мелдешинин чейрек финалына чыкты

Бокс боюнча мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдешинде кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн бокс федерациясы кабарлады.

Мелдеш Орусиянын Белоярск шаарында бүгүн старт алды.

52 кг салмакта күч сынашып жаткан Азат Үсөналиев 8/1 финалда азербайжандык атаандашы Ядигар Алиевди жеңип алды.

Эми эртең, 12-декабрда чейрек финалда Азат өзбекстандык Достон Ходжаев менен рингге чыгат.