Марал Радиосу

Өлкөдө кургак учукту бат аныктоого шарт түзүлдү

Кургак учуктун түрүн  аныктоочу атайын лаборатория ачылып, толук техникалык каражат менен камсыздалды. Бул дарыгерлердин ишин жеңилдетип, бейтаптарды кабыл алуу жана кургак учук оорусунун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, ар бир бейтап үчүн электрондук медициналык баракча ачылып, штрих-код чапталып, толук маалымат киргизилет. Өлкө боюнча райондордо кургак учук оорусун аныктоочу 24 диагностикалык система орнотулган.

Кургак учуктун микробактериясынын толук геномун секвенирлөө Борбор Азия боюнча алгач Кыргызстанда ачылып, ишин баштады. Бул кургак учук дартын молекулярдык-генетикалык анализдеген заманбап технология. Анын жардамы менен 2 саат аралыгында кургак учуктун бар же жогу аныкталат. Ошону менен катар, бейтап кургак учукту кайсы жактан жуктурганын аныктап, оорунун башкаларга жугуусун токтотууга шарт түзөт.

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Болот Майканаев акыркы жылдары кургак учук менен ооругандардын саны бир топ кыскарганын айтты:

-Азыр жаңы технология менен кургак учук оорусун тез аныктап, ага ыкчам жардам көрсөтүп жатабыз. Жыл сайын кургак учук менен ооругандардын статистикасын чыгарып турабыз. Мына акыркы убактарда кургак учук менен ооругандардын саны азайып жатат. Андан сырткары, өлкө боюнча 24 анализ чыгаруучу аппараттар коюлган. Аймактардагы дарыгер борбордук лабораторияга жөнөтсө болот, аны атайын кызматкерлер  алып келет. Бардык тармактан  иштин жүрүшүн жеңилдетүү аракетин көрүп жатабыз. Себеби, кургак учук мене ооругандарды өз убагында дарылашыбыз керек, болбосо, бири-бирине жугуп, оорулуулардын саны өсө берет.

Бейтапка өзүнчө медициналык баракча ачылат, ошондой эле дарыгерлер онлайн кабыл алып, анализдерди бири-бирине жөнөтүп турат. Башкача айтканда, ооруканада иштин жүрүшү толук автоматташтырылды.

Жаңы техниканын жардамы менен микобактериянын тибин аныктап, аз убакыттын ичинде анализди дарыгерге жөнөтүүгө болот. Бул тууралуу врач –лаборант Мээрим Сыдыкова айтып берди:

-Анализдин жыйынтыгы 2 саатта чыгат. Андан кийин биз  электрондук система аркылуу дарыгерге жөнөтөбүз. Буга чейин анализди аныктоо көп убакытты талап кылган. Азыр биз да оңой иштеп калдык жана  бейтаптарды да күттүрбөй, эртерээк оорулуу, же оорулуу эмес экенини аныктоого шарт түзүлдү. 

GeneExpert боюнча координатор Жалын Темирбеков бир эле учурда 4 бейтаптын анализин аныктап чыга ала турганын айтты:

-GeneExpert системасы 2 модулдуу жана 4 модулдуу болот. Бул аппарат шаардын калкына жараша орнотулат, себеби 2 модулдуу болгондо 2 сааттын ичинде эки адамдын анализин чыгарабыз, ал эми 4 модулдуу аппарат менен 4 бейтаптын анализин бир убакытта чыгарабыз.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү алкагында медицина тармагы да автоматташтырылып жатат. Анын ичинде ыкчам медицина борборунун иш-аракеттери да автоматташтырылды. Мисалы, «Тез жардам» кызматы кайсы жерде баратканы чоң экрандан көрүнүп, бригадирлер ыкчам тапшырманы кабыл алып, айтылган жерге жетет. Бирок мындай мүмкүнчүлук түзүлгөнү менен сексенден ашуун дарыгер жетишпейт. Учурда 39 гана бригадир  иштейт.

Шашылыш медицина борборунун жетекчисинин орун басары Болотбек Абдылдаевдин айтымында, санарипке өтүү менен «Тез жардам» кызматында ушул жылдын 9 айында кечигүүлөрдүн саны 27 пайызга  кыскарды.

-Электрондук системага өткөндөн баштап, кызматкерлердин иштери бир топ жеңилдеди, ошондой эле чакырууларга убагында жетүүгө аракет кылып жатабыз. Былтыркы жылдарга салыштырмалуу кечигүүнүн саны азайды, убактыбыз үнөмдөлүп жатат. Учурда  8 оператор иштейт, чалууларды кабыл алып, бригадирлерди жөнөтөт.

Статистика боюнча былтыр Кыргызстанда 7 миңден ашуун жаран кургак учук оорусуна чалдыккан. Кургак учук менен ооругандардын басымдуу бөлүгү 18 жаштан 24 жашка чейинки жарандар.

Exit mobile version