Биз менен байланышыңыз

Ош: 30 даана желим бөтөлкө салуучу урна орнотулат

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 572 | 0

Бүгүн, 11-декабрда Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарына “Кызыл Ай” коому тарабынан желим бөтөлкө салуучу атайын урналар тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Иш чарага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Кыргызстандын «Кызыл Ай» коомунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Сабиров жана өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Ош шаары боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исмаилов, аймактык башкармалыктардын төрага, төрайымдары катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев бул иш-аракеттер шаардын көркүнө жана тазалыгына кам көрүү экендигин билдирип, ыраазычылык сөзүн айтты.

Ал эми Кыргызстандын «Кызыл Ай» коомунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Сабиров «Ош шаарынын аймактык башкармалыктарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү» долбоорунун алкагында урналарды орун алып жаткандыгын билдирип, айлана-чөйрөгө кам көрүү багытында, шаар үчүн белек катары берилгендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жалпысынан 30 даана желим бөтөлкө салуучу урналар Сулайман-Тоо, Амир Тимур, Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыктарына бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, эс алуу жайларга, калк жыш жайгашкан аймактарга да орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM