Марал Радиосу

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,1%га азайды

Алдын ала маалымат боюнча, 10 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл соода жүгүртүү былтыркы жылдын январь-октябрь айына караганда 2,1%га азайган. Ошол эле учурда экспорт 14,1 %га артса, импорт 7,2%га азайган.

ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү 9 ай аралыгында 2 млрд 185 млн долларды түзгөн. Өткөн жылга (январь-октябрь) салыштырмалуу ал 3,8%га аз болгон.

Ошол эле учурда экспорт 2,5%га жана импорт 4,1%га азайган.

Exit mobile version