Марал Радиосу

«Айтматов жөнүндө сөз: Улуу инсан жана коомдук ишмер» аталыштагы эскерүү кечеси өтөт

12-декабрда саат 14.00 до Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Айтматов жөнүндө сөз: Улуу инсан жана коомдук ишмер» деген аталыштагы эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу аталган академиянын маалымат кызматы билдирди.

«Айтматов гениалдуу улуу талант катары дүйнөлүк маданиятты өзүнүн жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө трансформациялап, чыныгы таза интеллекти менен дүйнөнүн интеллектуалдык элитасынын өкүлү катары, көптөгөн абройлуу эл аралык коомдук уюмдар менен тыгыз иштешип, айрым учурларда жетекчилик милдетти да аркалап келген.

Замандашы, окурманы, ошол мезгилдерде тике жана кыйыр болсо да ар кандай мамлекеттик, эл аралык долбоорлордо, иш-чараларда жакындан баарлашып, пикир алышып, иштешип калган мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди, жалпы эле чыгармачылыгына таазим кылган замандаштарын улуу инсан  жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерип, ой-бөлүшүү үчүн иш-чарага катышууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version