Биз менен байланышыңыз

Президент расмий сапар менен Бириккен Араб Эмирлигине кетти

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 918 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда расмий иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учуп кетти. Өлкө башчысы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахаянын чакыруусу боюнча барганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Расмий визиттин алкагында Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен чакан жана кеңири курамда эки тараптуу жолугушуу пландалган. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, маданият, туризм тармактарында, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуусу пландалууда. Жолугушууда кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Соода-экономикалык жана инвестиция чөйрөлөрүндө эки тараптуу өз ара кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланат.

Ошону менен бирге Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын жоон тобунда тиешелүү министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары бар.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    11.12.2019 19:58

    Делегацианын сапары байсалдуу болсун!
    Ар ким оз ордун билип суйлошуулорду жургузгондору он, Сапар Исаков улгу болушу керек.
    Акча коп жерде балээ коп болуп жатат.
    Ийгиликтуу, жемиштуу болсун сапарынар.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM