Марал Радиосу

Өкмөт башчы Нарында логистикалык борбордун курулушун баштап берет

Бүгүн, 11-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Нарында премьер “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекетинде инспектордук-көзөмөл комплексинин ачылышына катышат.

Мындан сырткары, Ат-Башы районунда премьердин катышуусу менен индустриалдык соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу аземи өтөт.