Жаңы жылдан тарта WhatsApp мессенджери айрым смартфондордо иштебей калат. Өзгөрүүлөр операциялык системасы эскирип калган аппараттарда болот.
Мессенджердин сайтындагы маалыматка караганда, өзгөрүүлөр Android 4.0.3, iOS 8 жана ага чейинки операциялык системаларга киргизилет.
WhatsApp бул жаңыланууну жыл сайын жасап келет. Аны компания эски гаджеттер мессенджердин жаңыланууларын көтөрбөгөндүгү менен түшүндүргөн.
Ал эми операциялык системасы Android 2.3.7, iOS 7 жана андан жогорку аппараттарда ушул жылдын 1-февралынан тарта иштебей келет.