Марал Радиосу

WhatsApp жаңы жылдан тарта кээ бир смартфондордо иштебейт

Жаңы жылдан тарта WhatsApp мессенджери айрым смартфондордо иштебей калат. Өзгөрүүлөр операциялык системасы эскирип калган аппараттарда болот.

Мессенджердин сайтындагы маалыматка караганда, өзгөрүүлөр Android 4.0.3,  iOS 8 жана ага чейинки операциялык системаларга киргизилет.

WhatsApp бул жаңыланууну жыл сайын жасап келет. Аны компания эски гаджеттер мессенджердин жаңыланууларын көтөрбөгөндүгү менен түшүндүргөн.

Ал эми операциялык системасы Android 2.3.7, iOS 7 жана андан жогорку аппараттарда ушул жылдын 1-февралынан тарта иштебей келет.