Биз менен байланышыңыз

Президент Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабиясына барат

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 667 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 11–12 декабрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жана 15-17-декабрда Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Иш сапарынын алкагында Сауд Аравия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд жана Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарынын мураскери Мухаммед бин Заед Аль Нахайан менен жолугушмакчы.

Жолугушуулар кең жана тар форматта болуп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуулар талкууланат.

Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгында бир канча эки тараптуу макулдашууларга жана документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Андан тышкары, мамлекет башчысы аталган өлкөлөрдөгү мекендештерибиз менен жолугушуусу да божомолдонууда.

Copyright © 2017 Maral FM