Марал Радиосу

Орусия жалпы 50 миңден ашык сайттын ишине тыюу салды

2019-жылдын ичинде Орусия «терроризмди пропагандалады» делген 50 миңден ашык интернет-баракчаларына тыюу салды. Бул тууралуу Орусиянын террорго каршы улуттук комитетинин өкүлү Александр Бортников билдирди.

Анын айтымында, эл аралык террордук уюмдарды үгүттөгөн элүүдөн ашык интернет-сайттар коомду бузган маалыматтардын жайылышынан сактоо максатында жабылган.

Бортников 2019-жылы Орусияда террордук кылмыштуулуктун саны азайганын кошумчалады.