Марал Радиосу

Трамп бүгүн Лавровду кабыл алат

Meeting by Russian Foreign Minister Sergey Lavrov and President of the United States of America Donald Trump, Washington, US, May 10, 2017. Photo: flickr.com/photos/mfarussia/. (Free of charge, Creative Commons license)

Бүгүн, 10-декабрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алат. Ошондой эле Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун жолугушуусу да мерчемделген.

АКШ президентинин администрациясы билдиргендей, жолугушуу жабык режимде өтөт.

Лавровдун визити Орусия менен АКШнын мамилеси чыңалып турган абалга жана Трампка импичмент жарыялоо иштери боюнча угуулар жүрүп жаткан учурга туш келүүдө. Ак үй «угууларга карабастан дипломатиялык мамилелер улана берерин» билдирди.

Американын 45-президенти Трамп менен Лавровдун алгачкы жолугушуусу 2017-жылы Вашингтондо өткөн.