Биз менен байланышыңыз

Эми үй-бүлөлүү ар бир жаран ипотекага үй ала алат (жол жобосу)

Коом , Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 81478 | 32

Өкмөт үй-бүлөлүү адамдарга ипотека берүүнүн жаңы программасын иштеп чыкты. Анын алкагында жарандар 24 миң еврого чейин ипотекага үй алса болот. Пайыздык төлөмү 10%дык насыя 15 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөм 20 пайызды түзөт. Ипотеканын бул түрүн Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары аймактарда жашагандар да пайдалана алышат.


Бегимай Амракулова үй кожойкеси. Ал жолдошу мамлекеттик кызматта иштебегендиктен 2 жарым жылдан бери ипотекага үй ала албай убара болуп жүргөнун айтат:

— Жолдошум мамлекеттик кызматта иштебейт. Өзүм үйдө отурам. Мындан улам ипотекага турак жай алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени мамлекеттик кызматта иштеш керек деген шарт бар болчу. Батир жалдап жашоо бир топ эле кыйын, кантип жашап жатканыңды үй ээси улам текшерип турат. 

Бул сыяктуу турак жай сатып алууну самап, бирок ала албай жүргөндөр оголе көп. Мамлекет тарабынан берилүүчү ипотека буга чейин бюджеттик кызматкерлерге гана жеткиликтүү болуп келсе, эми аны Бишкек жана Ош шаарынан башка  региондордун тургундары да пайдалана алышат.

Себеби Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы программа иштеп чыкты. Ага ылайык, мамлекеттик кызматта иштебеген  жаран да насыя ала алат. Болгону бир шарт бар, насыя алууну каалаган адам үй-бүлөлүү болушу керек. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Немис өнүктүрүү банкы (KWF) 11 млн евро бөлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу адиси Амантур Оморов төмөнкүлөргө токтолду:.

— Немец өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен насыя берилип баштайт. Анын алкагында жарандар 24 миң еврого чейин ипотека алса болот. Насыянын пайыздык төлөмү 10% түзүп, ал 15 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөм 20 пайызды түзөт. Бирок насыяга берилген акчага Бишкекте же Ошто турак жай аянтын сатып алууга болбойт. Жаңы программанын негизги айырмасы — жарандар жергиликтүү бийлик органдарына кайрылбай, түз эле өнөктөш банктан насыя ала алышат. Ипотекалык насыя алууну каалаган жаран сөзсүз түрдө үй-бүлөлүү болушу шарт. Балдарынын саны, киреше булагы эсептелинет. Мисалы, 1 балалуу үй-бүлөнүн айлык кирешеси 250 евродон ашпоого тийиш. 

Программанын алкагында жарандар өз ыңгайына жараша үч башка кызматты колдоно алат. Мисалы, «Кут конуш» кызматы үй сатып алууну каалагандар үчүн ыңгайлуу. «Бек устун» деп аталган кызмат үй сатып алып, капиталдык ремонтун өзү жасагысы келгендерге, үйүн кеңейтүүнү каалагандар үчүн мыкты шарттарды түзүп берет. Ал эми «Ашар» — деп аталган кызмат өзүнүн жер тилкесине үй курууну пландагандарга кызматын көрсөтөт.

Насыялар «Кыргызстан», «РСК» жана «KICB» банктары аркылуу берилет. Амантур Оморов күрөө катары сатып алынган же куруп жаткан турак жай эсептелерин белгилейт:

 Жарандар банкка насыяны төлөө жөндөмдүүлүгү жөнүндө тийиштүү маалымкаттарды тапшырат. Банктын адистери канча суммада насыя алууга болорун эсептеп беришет. 

Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында насыялар боюнча пайыздык чендер төмөндөтүлгөн. Өкмөтүн тапшырмасынын негизинде жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын чечими менен 2019-жылдын 1- ноябрынан тарта жаңыдан берилип жаткан насыялардын пайыздык чендери төмөнкүдөй тартипке өзгөртүлгөн:

  • Зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 10-20 %  баштапкы төгүмүн камсыздаса —  8 % жылдык пайыздык чен;
  • Зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 %  баштапкы төгүм камсыздаса- 7 % жылдык пайыздык чен;
  • Зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 %  баштапкы төгүм камсыздаса — 6 %  жылдык пайыздык чен;

Жеке турак жай куруу үчүн:

  • Курулуш мезгилинде жылдык 10% — жылдык пайыздык чен.
  • Турак жай курулушу аяктагандан кийин 6% — жылдык пайыздык чен.

Бирок экономика илимдеринин доктору, профессор экономист Төлөн Абдыров бул чендер аймактардын тургундары үчүн көптүк кыларын айтат. Ал баштапкы төгүмдү албай туруп, насыянын чегин 4 пайызга чейин төмөндөтүү зарыл деген ойдо:

— Мамлекеттик ипотекалык компания эффективдүү иштеп жатат дегенден алысмын. Көбүрөөк жеңилдиктерди тартуу зарыл. Алсак, чет өлкөлөрдө мамлекттик ипотекалар 3 пайыздык чен менен берилет. Аймактарды Бишкек менен салыштырууга болбойт, шаарда айлык акы салыштырмалуу көбүрөөк. Билбейм, кайсы адистер санап жатат. Насыянын пайыздык төлөмү 10% болсо, бул — аябай жогору. Негизи эле, насыя берүүдө ортомчулар болбошу керек. Мисалы, МИК үчүн жылына 100 млн сомдой каражат бөлүнөт. Насыяны коммерциялык банктар бере турган болсо, 100 млн сомго жарандар үчүн ипотекага жумшалмак. 

Коомчулукта мамлекеттик ипотеканын коммерциялык банктар берген насыядан айырмасы жок деген сөздөр айтылып келет. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, ипотекалык насыяларды колунда бар жарандар гана пайдаланып, карапайым эл колдоно албай калууда.

Эл өкүлү Мамлекеттик ипотекалык компания алгач мугалим, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылгандан кийин гана жеке жактарга насыя берилиши керектигин айтып, мекеме шашылыш кадам таштап жатканын белгиледи:

— Биз биринчи этапты бүтүрбөй туруп, экинчи кадамда насыяны жөнөкөй жарандарга берип коюудабыз. Мындай кызматты колунда бар жарандар пайдаланат да, «банктан каражат алгандан көрө МИКтен насыя алган туура болот экен» деп анын алкагында бизнес болуп кетиши да ыктымал. Пайыздык чендерди 4-5%га түшүргөндө гана жарандар насыя ала алышат. Мындан сырткары, баштапкы төлөмдү да азайтып беришибиз керек. Бул маселени көтөрүп келе жатабыз. Жакында да ушуну түшүрүү боюнча механизм көрсөтөйүн деп жатам. МИК алып жаткан 2 пайыздык үлүштү жокко чыгаруу зарыл. Бул жол менен насыянын чендери да түшөт. Элге 6%дык чен менен насыя берсе туура болот.   

Кошумчалай кетсек, «Арзан турак жай — 2015-2020» программасынын алкагында ушул күнгө чейин 5 миллиард 200 миллион сомго ипотекалык насыя берилген. Ипотекалык компания аркылуу 4400дөн ашуун бүлө үй алган.

Маалымат иретинде:

Кардарлар кандай талапка жооп бериши керек?

  1. Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргызстандын жарандары программанын катышуучусу болушат;
  2. Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо;
  3. Катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана жашы жете элек балдарында жеке турак жайынын жоктугу;
  4. Программага катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайынын жана турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  5. Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
  6. Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо турак жай маселелери боюнча комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет: 5 же андан көп балдары бар, көп балалуу үй-бүлөлөргө; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.

Кайсы документтер зарыл?

  1. Программага катышууга анкета-арыз;
  2. Паспорттун көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  3. Иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  4. Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  5. Балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  6. Акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстандын бүткүл аймагында катышуучуга, катышуучунун күйөөсүнө (аялына) жана жашы жете элек балдарына турак жай боюнча бүтүмдөрүнүн болушу (жоктугу) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (укукка ээ болуу маалымкаты);
  7. Жеке ишкер катары каттоо күбөлүгү же ишкерликке патент жана төлөнгөн салыктар тууралуу квитанция;
  8. Зарылчылык туулса, жашаган жеринен маалымкат талап кылынат.

32 пикир

32 пикир

  1. Тынчтык

    10.12.2019 05:51

    Абдан маанилүү экен .
    Март айларында аракет кылып көрөбүз .
    Кирпичтен дубалын көтөрүп койдук . Эми жасалгалаганы каражат керек .
    Алсак болобу .

  2. Айнура

    10.12.2019 14:32

    Менде ушул суроо кирпичтен дубалын которуп койдук алсак болобу.

  3. Зейнеп

    10.12.2019 14:51

    Саламатсыздарбы мен Бойдокмун 3 кызым бар .Кридит алаламбы

    • Айжамал Толубай

      Айжамал Толубай

      11.12.2019 13:35

      Саламатчылык. Программага катыша аласыз. Банктарга насыяны төлөө жөндөмдүүлүгүңүз жөнүндө тийиштүү маалымкаттарды тапшырасыз. Банктын адистери канча суммада насыя ала аларыңызды эсептеп беришет.

      • Назик

        09.03.2020 19:50

        Саламатсызбы? Сизге суроо берейин дегем. Бул маалымат калп окшойт же элди алдайт окшойт. Биз 3 Айдан бери банктын эшиктерин тытып ала албай журобуз. Уйубуз жок. 2 балабыз. ЗАГСбыз да бар.жоопторунар болсо 0701886586 жазыныздарчы. Зарплатаныз ашат экен деп бербей жатышат.

      • Улан

        15.01.2021 10:07

        Документ толтуруш бир азап,толтуруп бутуп насыяны алыш бир азап.Бир баллалуумун уй булоолу уйум жок мал менен жан багам сут откоруп,мага береби насыя банк.

      • Майрамбек

        23.03.2023 10:42

        Саламатсызбы бизда Уй алганга кредит алалык дегенбиз аламедин базарда соода кылабыз алсак болобу?

  4. Гульбарчын

    13.12.2019 00:15

    Жумуштан сокращение болдум, жолдошум иштейт ДЭУда,ЗАГС жок, квартирага толоп жашайбыз, 6 балабыз бар, суроо: ипотекага уй алсак болобу?

  5. Саалиев Эркинбек Керимбекович

    19.01.2020 20:56

    Саламатсызбы уй булоолумун бир балам бар квартирада жашайбыз ипатекага Бишкектен квартира алсак болобу даяр квартирабы же буто элекби ушуга жооп берип койосузбу.

  6. Турдукан Эргешбаевна

    20.01.2020 16:28

    Саламатсызбы биз жолдошум экообуз жеке ишканада иштейбиз, бирок квартирада турабыз. Уч балабыз бар. Ипотекага даяр там алсак болобу? Же кандай кылсак болот

    • Айжамал Толубай

      Айжамал Толубай

      23.01.2020 10:51

      Саламатчылык. Тамды Бишкектен алууну пландап жатасызбы?

      • Бурул

        03.07.2020 02:45

        Кандайсыз. Кантип байланышсак болот..?

      • Тимурбек

        04.01.2021 23:04

        Саламатсыздарбы биз да ипотекага уй алсак дедик эле кимге кайрылуу керек

        • Айжамал Толубай

          Айжамал Толубай

          15.01.2021 10:11

          Саламатсызбы? https://gik.kg/kg/ дарегинде кенен маалымат жазылган

          Ипотекалык насыялоо маселелери боюнча консультациялар:

          0772 98 89 01

          0552 98 89 01

          0771 98 89 01 номер whatsapp

  7. Венера

    21.01.2020 21:50

    Саламатсызбы Мен жалгыз бой энемин 3 кызым бар озум Джалал абад обл караштуу Кара Кол шаарынан болом азыркы учурда ата энем дин уйундо турам кыздарым менен озум Кыргыз почтасында 1жылдан бери оператор болуп иштейм ипатекага уй алсам болобу апам менен.

  8. Аниса

    25.01.2020 17:54

    Саламатсызбы,биз Алай районуна жашайбыз,озубузго тиешелуу жерибиз,уйубуз дагы жок,куйом экобуздун тен жумушубуз айылда,эки балабыз бар,биз Ош шаарынан Уй алсакбы дедим эле,жооп берип коесузбу.Экообуз тен мамлекеттик иште иштейбиз

    • Айжамал Толубай

      Айжамал Толубай

      15.01.2021 10:13

      Саламатсызбы? https://gik.kg/kg/ дарегинде кенен маалымат жазылган

      Ипотекалык насыялоо маселелери боюнча консультациялар:

      0772 98 89 01

      0552 98 89 01

      0771 98 89 01 номер whatsapp

  9. Бактыбек

    26.01.2020 18:36

    Салам алейкум.Менин 1чи топтогу майыптыгым бар.Уй булоом бар насыя ала аламбы?

  10. Фарида

    02.02.2020 17:07

    Мен учурда кызым неберем үчөөбүз, үйүбүз да жер үлүшүбүз да жок, квартира алмак үчүн кандай кылсак болот, күйөөсү жок жалгыз бой энелер катыша албайьы?

  11. Урмат

    02.02.2020 22:27

    Саламатсызбы мен токмоктон сатып алып жаттым эле жер там кандай шарттар менен ала алам?

  12. Шайыр

    04.02.2020 22:39

    Саламатсыздарбы.эч жерде иштебегендерге ипотекага Уй берилбейт экен да.Балам Уй булоолу Бир кызы бар.уйу жок Эми москвага иштегени кетип жатат.ипотекага Уй берсе жакшы бт эле.кандай жолдору бар

    • Айжамал Толубай

      Айжамал Толубай

      15.01.2021 10:13

      Саламатсызбы? Жаңы механизм ишке кирди. Карап көрсүн

      https://gik.kg/kg/ дарегинде кенен маалымат жазылган

      Ипотекалык насыялоо маселелери боюнча консультациялар:

      0772 98 89 01

      0552 98 89 01

      0771 98 89 01 номер whatsapp

  13. Мээримгул

    13.05.2020 22:50

    Саламатсызбы биз азыркы учурда квартирада турабыз уч балабыз бар кридитке канча ирет кайрылып гордук бирок ала албай койдук ушул кридитти кантип каймыл жактан алсак болот.Бул жалган малымат емеспи

  14. Бурул

    03.07.2020 02:45

    Кандайсыз. Кантип байланышсак болот..?

    • Айжамал Толубай

      Айжамал Толубай

      15.01.2021 10:12

      Саламатсызбы? https://gik.kg/kg/ дарегинде кенен маалымат жазылган

      Ипотекалык насыялоо маселелери боюнча консультациялар:

      0772 98 89 01

      0552 98 89 01

      0771 98 89 01 номер whatsapp

  15. Тимурбек

    04.01.2021 23:13

    Саламатсызбы биз азыркы учурда квартирада турабыз уч балабыз бар кридитке канча ирет кайрылып гордук бирок ала албай койдук ушул кридитти кантип каймыл жактан алсак болот.Бул жалган малымат емеспи

    ЖООП ЖАЗУУ

  16. Жалал кадыров

    09.01.2021 18:13

    Саламатсызбы мен уй булолумун кантип ипатейкага уй алсам болот уч балавы бар биз кандай кылсак уй алабыз

  17. Жолдошбек

    13.06.2021 14:25

    Саламатсызбы гос жумушта иштебейм малымкатты кандай кылсак же ансыз берилбейби

  18. Гулайша

    25.06.2021 11:17

    Мен ипатекага уй алсам болобу 25 жылдан бери үйү жок квартирада жашап келем үч балам бар өзүм балдарым менен шаарда квартирада турам кыйналып кеттим квартирага акча төлөп жашагандан көрө ипатека алсамбы деп чечтим өкмөттөн жер бергиле деп жүрүп карып кете турган болдум мен Жалал-Абад шаарында кв турам иштеген жерим да шаарда эмне кылсам болот Мать одиночкамын

  19. Гульбара

    12.07.2021 15:16

    Саламатсыздарбы.Мен Кочкор районунан болом.Тидекке каршы уч студентим бар,алар Бишкекте окушат.Озум айылдын мектебинде мугалим болуп иштейм.Бишкектен ипатека уй алууга мумкунчулугум барбы…Кандай жолдору менен алсак болот

  20. Болот

    01.09.2021 10:38

    Саламатсызбы мен гос жумушта иштебейм ипотекага уй алсам болобу

  21. анара

    09.03.2023 13:34

    Там салганга эски уйубуз бар уй ным зак ошол учун жаны уй салганга ипотека алсак болобу? озум мамлекеттик кызмата иштейи жолдошум жеке ишкер.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM