Марал Радиосу

Эми үй-бүлөлүү ар бир жаран ипотекага үй ала алат (жол жобосу)

Өкмөт үй-бүлөлүү адамдарга ипотека берүүнүн жаңы программасын иштеп чыкты. Анын алкагында жарандар 24 миң еврого чейин ипотекага үй алса болот. Пайыздык төлөмү 10%дык насыя 15 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөм 20 пайызды түзөт. Ипотеканын бул түрүн Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары аймактарда жашагандар да пайдалана алышат.


Бегимай Амракулова үй кожойкеси. Ал жолдошу мамлекеттик кызматта иштебегендиктен 2 жарым жылдан бери ипотекага үй ала албай убара болуп жүргөнун айтат:

— Жолдошум мамлекеттик кызматта иштебейт. Өзүм үйдө отурам. Мындан улам ипотекага турак жай алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени мамлекеттик кызматта иштеш керек деген шарт бар болчу. Батир жалдап жашоо бир топ эле кыйын, кантип жашап жатканыңды үй ээси улам текшерип турат. 

Бул сыяктуу турак жай сатып алууну самап, бирок ала албай жүргөндөр оголе көп. Мамлекет тарабынан берилүүчү ипотека буга чейин бюджеттик кызматкерлерге гана жеткиликтүү болуп келсе, эми аны Бишкек жана Ош шаарынан башка  региондордун тургундары да пайдалана алышат.

Себеби Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы программа иштеп чыкты. Ага ылайык, мамлекеттик кызматта иштебеген  жаран да насыя ала алат. Болгону бир шарт бар, насыя алууну каалаган адам үй-бүлөлүү болушу керек. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Немис өнүктүрүү банкы (KWF) 11 млн евро бөлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу адиси Амантур Оморов төмөнкүлөргө токтолду:.

— Немец өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен насыя берилип баштайт. Анын алкагында жарандар 24 миң еврого чейин ипотека алса болот. Насыянын пайыздык төлөмү 10% түзүп, ал 15 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөм 20 пайызды түзөт. Бирок насыяга берилген акчага Бишкекте же Ошто турак жай аянтын сатып алууга болбойт. Жаңы программанын негизги айырмасы — жарандар жергиликтүү бийлик органдарына кайрылбай, түз эле өнөктөш банктан насыя ала алышат. Ипотекалык насыя алууну каалаган жаран сөзсүз түрдө үй-бүлөлүү болушу шарт. Балдарынын саны, киреше булагы эсептелинет. Мисалы, 1 балалуу үй-бүлөнүн айлык кирешеси 250 евродон ашпоого тийиш. 

Программанын алкагында жарандар өз ыңгайына жараша үч башка кызматты колдоно алат. Мисалы, «Кут конуш» кызматы үй сатып алууну каалагандар үчүн ыңгайлуу. «Бек устун» деп аталган кызмат үй сатып алып, капиталдык ремонтун өзү жасагысы келгендерге, үйүн кеңейтүүнү каалагандар үчүн мыкты шарттарды түзүп берет. Ал эми «Ашар» — деп аталган кызмат өзүнүн жер тилкесине үй курууну пландагандарга кызматын көрсөтөт.

Насыялар «Кыргызстан», «РСК» жана «KICB» банктары аркылуу берилет. Амантур Оморов күрөө катары сатып алынган же куруп жаткан турак жай эсептелерин белгилейт:

 Жарандар банкка насыяны төлөө жөндөмдүүлүгү жөнүндө тийиштүү маалымкаттарды тапшырат. Банктын адистери канча суммада насыя алууга болорун эсептеп беришет. 

Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында насыялар боюнча пайыздык чендер төмөндөтүлгөн. Өкмөтүн тапшырмасынын негизинде жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын чечими менен 2019-жылдын 1- ноябрынан тарта жаңыдан берилип жаткан насыялардын пайыздык чендери төмөнкүдөй тартипке өзгөртүлгөн:

Жеке турак жай куруу үчүн:

Бирок экономика илимдеринин доктору, профессор экономист Төлөн Абдыров бул чендер аймактардын тургундары үчүн көптүк кыларын айтат. Ал баштапкы төгүмдү албай туруп, насыянын чегин 4 пайызга чейин төмөндөтүү зарыл деген ойдо:

— Мамлекеттик ипотекалык компания эффективдүү иштеп жатат дегенден алысмын. Көбүрөөк жеңилдиктерди тартуу зарыл. Алсак, чет өлкөлөрдө мамлекттик ипотекалар 3 пайыздык чен менен берилет. Аймактарды Бишкек менен салыштырууга болбойт, шаарда айлык акы салыштырмалуу көбүрөөк. Билбейм, кайсы адистер санап жатат. Насыянын пайыздык төлөмү 10% болсо, бул — аябай жогору. Негизи эле, насыя берүүдө ортомчулар болбошу керек. Мисалы, МИК үчүн жылына 100 млн сомдой каражат бөлүнөт. Насыяны коммерциялык банктар бере турган болсо, 100 млн сомго жарандар үчүн ипотекага жумшалмак. 

Коомчулукта мамлекеттик ипотеканын коммерциялык банктар берген насыядан айырмасы жок деген сөздөр айтылып келет. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, ипотекалык насыяларды колунда бар жарандар гана пайдаланып, карапайым эл колдоно албай калууда.

Эл өкүлү Мамлекеттик ипотекалык компания алгач мугалим, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылгандан кийин гана жеке жактарга насыя берилиши керектигин айтып, мекеме шашылыш кадам таштап жатканын белгиледи:

— Биз биринчи этапты бүтүрбөй туруп, экинчи кадамда насыяны жөнөкөй жарандарга берип коюудабыз. Мындай кызматты колунда бар жарандар пайдаланат да, «банктан каражат алгандан көрө МИКтен насыя алган туура болот экен» деп анын алкагында бизнес болуп кетиши да ыктымал. Пайыздык чендерди 4-5%га түшүргөндө гана жарандар насыя ала алышат. Мындан сырткары, баштапкы төлөмдү да азайтып беришибиз керек. Бул маселени көтөрүп келе жатабыз. Жакында да ушуну түшүрүү боюнча механизм көрсөтөйүн деп жатам. МИК алып жаткан 2 пайыздык үлүштү жокко чыгаруу зарыл. Бул жол менен насыянын чендери да түшөт. Элге 6%дык чен менен насыя берсе туура болот.   

Кошумчалай кетсек, «Арзан турак жай — 2015-2020» программасынын алкагында ушул күнгө чейин 5 миллиард 200 миллион сомго ипотекалык насыя берилген. Ипотекалык компания аркылуу 4400дөн ашуун бүлө үй алган.

Маалымат иретинде:

Кардарлар кандай талапка жооп бериши керек?

  1. Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргызстандын жарандары программанын катышуучусу болушат;
  2. Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо;
  3. Катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана жашы жете элек балдарында жеке турак жайынын жоктугу;
  4. Программага катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайынын жана турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  5. Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
  6. Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо турак жай маселелери боюнча комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет: 5 же андан көп балдары бар, көп балалуу үй-бүлөлөргө; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.

Кайсы документтер зарыл?

  1. Программага катышууга анкета-арыз;
  2. Паспорттун көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  3. Иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  4. Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  5. Балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  6. Акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстандын бүткүл аймагында катышуучуга, катышуучунун күйөөсүнө (аялына) жана жашы жете элек балдарына турак жай боюнча бүтүмдөрүнүн болушу (жоктугу) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (укукка ээ болуу маалымкаты);
  7. Жеке ишкер катары каттоо күбөлүгү же ишкерликке патент жана төлөнгөн салыктар тууралуу квитанция;
  8. Зарылчылык туулса, жашаган жеринен маалымкат талап кылынат.