Марал Радиосу

Бишкекте уурулукка шектелип, 10 жаран кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелип, 1жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Шаардын тургундары жазган арыздардын негизинде Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи Май РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары:

— 1981-жылы туулган К.И.;

— 1985-жылы туулган И.А.;

— 1988-жылы туулган К.А.;

— 1970-жылы туулган Э.Г.;

— 1980-жылы туулган Т.Ш.;

— 1994-жылы туулган Н.Э.;

— 1989-жылы туулган Э.А.;

— 1989-жылы туулган К.А.;

— 1981-жылы туулган М.У.;

— 1986-жылы туулган О.С. аттуу жарандар кармалды.

Учурда шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.