Марал Радиосу

«Дүйнө сулуусу -2019» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды [фото, видео]

«Дүйнө сулуусу -2019» сынагынын жеңүүчүсү Түштүк Африка Республикасынан чыккан Зозибини Тунзи болду.

26 жаштагы Тунзи – дүйнө сулууусу аталган Түштүк Африкалыктардын үчүнчүсү болду. Ал зордук-зомбулукка, гендердик бөлүп-жарууга жана андагы стереотиптерге каршы активдүү аракет жасап келет.

Мен өңүм, чачымдын түзүлүшү дайым сынга кабылган, адамдардан ылдый көргөн чөйрөдө өстүм. Бүгүн бул нерсеге чектөө коюлду деп ойлойм. Келбети, чачы, териси мага окшогон балдар мени көрүп, өз келбеттеринен уялбоосун, ыразы болуусун каалайт элем,- деди Тунзи.

Эл аралык сынакта экинчи орунду Пуэрто-Рикодон келген 24 жаштагы Мэдисон Андерсон, үчүнчүлүктү болсо Мексикалык 25жаштагы София Арагон ээледи.

Финалдык бөлүм кечээ 8-декабрда жыйынтыкталып, сыйлык берүү аземи АКШнын Атланта шаарында өттү. Ага ар кайсы өлкөлөдөн келген 79 сулуу катышты.

«Дүйнө сулуусу -2019» титулунун ээси Зозибини Тунзиге 2018-жылдын сулуусу Катриона Грей таажы кийгизип жаткан учуру

Жеңүүчү башка катышуучулар менен

Экинчи орун ээси 24 жаштагы «Пуэрто-Рико сулуусу» Мэдисон Андерсон

Үчүнчү орунга татыган 25 жаштагы «Мексика сулуусу» София Арагон

26 жаштагы Зозибини Тунзинин реакциясы
Сынактын 3 финалисти