Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 9-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: -4……1… күндүз: 7…..12°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: -4…..1….күндүз: 7……12°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: -3……2….күндүз: 8…..13°C
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: 2……7°C
Нарын облусунда
түнкүсүн: -11….-16…..күндүз: 0..…..-5C
9-декабрда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……1°C, күндүзү 10…….12°C.