Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө

Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 357 | 0

Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Баткен облусунда «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында облустагы капиталдык курулуштар үчүн республикалык бюджеттен 326 млн сом каралып, 219 млн сомдук жумуштар аткарылды.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө облуста жалпы 70 обьекттин курулушу жүрүүдө. Анын ичинде 31 билим берүү обьектиси, 11 бала бакчасы, 2 спорт зал, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 2 маданият обьектиси, 4 таза суу, 3 турак жай жана 8 башка объект бар.

Ошол эле учурда жыл башынан бери облуста 11 обьект пайдаланууга берилген. Жыл соңуна чейин дагы 6 объекттин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM