Биз менен байланышыңыз

Трамп Кытайга насыя берүүнү токтотууну талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 463 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк банктан Кытайга акчалай насыяларды берүүнү токтотууну талап кылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.

Дүйнөлүк банк эмне үчүн Кытайга акчалай насыя берет? Бул мүмкүнбү? Кытайдын акчасы көп, эгерде жок болсо, алар аны пайда кылышат. Токтоткула! —  деп жазган Дональд Трамп өзүнүн «Twitter» баракчасына.

Белгилей кетсек, Кытай менен АКШнын ортосунда бир жылдан ашык убакыттан бери «соода согушу» жүрүп келет. Өлкөлөр ич ара бир нече жолу  соода төлөмдөрүн кымбаттатышкан.

Ноябрдын башында Кытай менен  АКШнын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө соода келишиминин негизги маселелери боюнча макулдашылгандыгы айтылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM