Марал Радиосу

8-декабрь — радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү

Бүгүн, 8-декабрда Кыргызстанда Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү.

1958-жылы Бишкек студиясы 194 метр бийиктиктеги телемунара аркылуу ишке кирип, ушул күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү эфирге чыккан.

Бул кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда Өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 188 радио жана 45 телеканал Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн.