Марал Радиосу

Кытай Кыргызстанга акысыз окууга 13 орун берди

Кытай Эл Республикасы (КЭР) 2020-21-окуу жылына Кыргызстандын жарандарына 13 орунга стипендия берди. Бул — бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасы. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлап, сынакка катышууга чакырат.

Документтер министрликтин имаратында 220-кабинетте ушул жылдын 30-декабры саат 17.00гө чейин кабыл алынат. Каалоочулар маалымат үчүн 0 (312) 62 15 19 телефон номери аркылуу байланышса болот.

Тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 9-январында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт. Ар бир багыт боюнча кимдер катыша алат жана талаптар кандай экенине токтололу:

Бакалавр жана кытай тил такшалмасы программалырына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

 

Магистратура жана докторантура программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

Эскертүү: жогоруда талап кылынган документтер белгиленген тартипте берилүүгө зарыл (портфолио түрүндө). Жогорудагы шарттарга жооп бербеген жана конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген талапкерлерге конкурска катышууга жол берилбейт. Кытай тил такшалмасы программасы боюнча компьтерлик тестирлөө гана болот.

Бакалавриат — программасы боюнча :

Биринчи этап – компьютерлик тестирлөө;

Экинчи этап — кытай же англис тилинде эссе.

“Магистратура” жана “докторантура” программалары боюнча:

Биринчи этап –кытай же англис тилинде эссе;

Экинчи этап – интервью.

 

Конкурска катышуу боюнча критерийлер:

Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:

“Кытай тил такшалмасы” программасы боюнча – 18 жаштан жогоруу

“Бакалавр” программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин;

“Магистратура” программасы боюнча — 35 жашка чейин;

“Докторанттар” программасы боюнча — 40 жашка чейинкилер болушу керек.

Эске салсак, бул стипендиялар 2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде КЭР тарабынан берилип жатат.