Марал Радиосу

Футзал: Кыргызстандын Азия чемпионатындагы атаандаштары аныкталды

Футзал боюнча 2020-жылы өтүүчү Азия чемпионатына чүчүкулак тартылды. Кыргызстандын курамасы Япония, Ливан жана Кувейт өлкөлөрүнүн командалары менен бир тайпага түштү.

Чүчүкулак кармоо кечээ, 6-декабрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп, анда 16 команда 4 топко бөлүндү.

Азия чемпионаты 26-февралдан 8-мартка чейин Түркмөнстанда өтөт.

Азия чемпионатына даярдыктын алкагында Кыргызстандын футзалчылары Түркия курамасы менен эки ирет жолдоштук беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңип алды.