Марал Радиосу

Кубаныч Шатемиров Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кубаныч Шатемиров мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Кубаныч Шатемиров Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.