Марал Радиосу

Аваз Акимов менен Айдана Дека жаңы конуштуу болушту

Эки жаш үйлөнгөндө баарын нөлдөн баштайт деп айтышат эмеспи, ошол сыңары биз да жаңы жашообузду нөлдөн баштадык. Айдана экөөбүз иштеп тапкан акчабызды чогултуп жайында 2 бөлмөлүү батир алганбыз. Көбү оңдоп-түзөө иштери башталганда талашып-тартышасыңар деп айтышты эле. Бизде андай болгон жок. Айдана экөөбүздүн табитибиз да окшош. Баары жеңил, шыр, эң негизгиси идеалдуу болду. Үйүбүз азыркы заманбап хай-тек стилинде, ачык түстөргө басым жасадык. Жакында гана бардык оңдоо иштерин бүтүрүп, үйүбүзгө кирдик,- дейт ырчы мырза.