Марал Радиосу

Бишкекте Жогорку кесиптик билим берүү системасындагы көйгөйлөр талкууланууда

Бишкекте Жогорку кесиптик билим берүү системасындагы көйгөйлөр, аны чечүү жолдору жана анын келечегин талкуулаган жыйын өтүүдө.

Иш чарага катыышкан Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бул тармактагы олуттуу көйгөйлөрдү санады.

Министр университеттердеги административдик жетекчиликтин ишмердүүлүгүнүн чабалдыгы, менеджменттин дүйнөлүк тренддерге сергек эместиги, жогорку окуу жайлардын профилдештирүү маселесине токтолду. Каныбек Исаков ошондой эле, жогорку билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди сунуштады.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдириди.

Иш чарага Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери катышууда.

Exit mobile version