Марал Радиосу

Европалыктардын БУУга арызданганына карабай, Иран ракеталарын кура берет

Европалык өлкөлөрдүн нааразы болгонуна карабай, Иран өзүнүн ракеталык программасын токтотпойт.

Европадагы үч мамлекет БУУга Ирандын жаңы муундагы өзөктүк заряды бар баллистикалык ракеталарды чыгаруунун аракетин кылып жаткандыгын эскертти. Бул БУУнун Коопсуздук Кеңеши кабыл алган резолюцияларга караманча каршы келет.

БУУга бул тууралуу Франция, Германия жана Британия кат жүзүндө кайрылган.

Катка жооп кылып, Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Ислам республикасынын ракеталык программасынын өнүгүшүн токтотпой тургандыгын билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф БУУга жазылган катты “европалык державалардын өзөктүк келишим боюнча өздөрүнүн милдетин аткара албай калгандыгын жашырган кызылдай эле жалган” деп баалады.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2015-жылдын 20-июлундагы №2231 резолюциясы Тегеранды өзөктүк заряды бар баллистикалык ракеталарды сыноодон баш тартууга чакырган.

Ал эми Иран өзүндө өзөктүк куралдын жоктугун айтып, алардын өзөктүк программасы тынчтык максатында гана колдонуларын эскертип, баллистикалык ракеталарды иштеп чыгуу БУУнун резолюциясын бузуп жатат дегенин карандай калп деп баалады.

Бирок европалык өкүлдөрдүн катында 22-апрелде учурулган ирандык “Шахаб-3” ракетасынын өзөктүк зарядды алып жүрүүгө техникалык жөндөмү бар экендигин далилдеген видеокадрлардын бар экендиги жазылган.