Марал Радиосу

Эшманбет Аматов «Кыргызтелекомдун» Башкармалыгына башчы болду

Эшманбет Аматов «Кыргызтелеком» ачык Акционердик коомунун Башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эшманбет Аматов «Кыргызтелеком» ачык Акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен бул кызматка тандалган.

Ал буга чейин аталган мекемеге май айында башчы болуп тандалып, июль айында кызматтан бошотулган.