Марал Радиосу

Атактуу хирург Эрнст Акрамов жүрөгү кармап ооруканага жаткырылды

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, белгилүү хирург Эрнст Акрамов жүрөгү ооруп ооруканага жаткырылды. Учурда абалы жакшы. Бул тууралуу “Маралга” Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгери Бакыт Болотбеков билдирди. Акрамов 3-декабрда ден соолугунун абалына тынчсызданып ооруканага кайрылган. Учурда ал Бишкектеги “БИКАРД” клиникасында дарыланууда. Бакыт Болотбеков кечээ атактуу хирургдун абалынан кабар алгандыгы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

Эрнст Акрамов жүрөгү ооруп ооруканага кайрылган. Келген күнү эле оорусу басылып, абалы жакшы болуп калган. Диагнозу такталып жатат, — деди Бакыт Болотбеков.

Эрнст Акрамов учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө экендиги айтылууда.