Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен жолугушту

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 400 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасына көрсөтүп жаткан жардамы үчүн Эл аралык валюта фондуна ыраазычылык билдирди.

Эл аралык валюта фонду менен биз дээрлик көз карандысыздыкка жетишкен учурдан бери кызматташып келебиз. Бул мезгилде республика эл аралык финансы институтунан маанилүү колдоо алды. Бул финансылык жардам жана ар кыл маселелер боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр. Биз өлкөгө колдоо көрсөтүү мындан ары карай дагы улантылат деп ишенебиз, — деди Абылгазиев.

Тигран Погосян өз кезегинде белгилегендей, Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташуусун күчтөндүрүүгө ниеттенет.

Биз кызматташтыкты улантууга кызыктарбыз. Мен өлкө тууралуу башкы кеңсеге так маалымат жетиши үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Мындан фонддон республикага көрсөтүлгөн жардамдын таасирдүүлүгү көз каранды. Ошондой эле фонд менен өз ара иштешүү башка дүйнөлүк каржы институттары менен кызматташууга таасирин тийгизет, — деди Тигран Погосян.

Валюта фондунун туруктуу өкүлү билдиргендей, жакында Казакстандын Алматы шаарында Борбор Азия, Кавказ өлкөлөрүнө жана Монголияга техникалык жардам көрсөтүү боюнча аймактык борбор ачылды. Кыргызстанга жакын жайгашуусу өлкөдөн түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзөт.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектүү изилдөө долбоорлору боюнча өз ара иштешүү маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM