Марал Радиосу

Арзыбек Кожошев Финансы рыногун көзөмөлдөөчү кызматка дайындалды

Арзыбек Кожошев Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Арзыбек Кожошев “Кыргызстан” саясий партиясы менен 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Кожошев буга чейин Экономика министри болуп иштеген.