Марал Радиосу

Төө-Ашууда жол кыймылын көзөмөлдөгөн эки видео камера иштей баштады

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда көзөмөл камерасы иштей баштады. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн камералар Кусаин Кольбаев атындагы тоннелдин кире беришине жана чыга турган жерине коюлган. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда жол кыймылын көзөмөлдөгөн видео elcat.kg/translation/ сайты аркылуу көрсөтүлүп жатат.